Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында – 1
- Чүй облусунда – 1
- Ош облусунда – 4
- Жалал-Абад облусунда – 3
- Талас облусунда – 1
Ал эми бир суткада 1 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 2 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3364 учур катталды, алардын ичинен 3072 медкызматкер айыгып чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн