Өлкөдө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3 пайыздык жеңилдетилген насыя берүү ишке ашууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына караганда, учурда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, мал чарбасын өнүктүрүү жана фермерлердин жашоо шартын жакшыртуу максатында мамлекет тарабынан бир катар колдоолор көрсөтүлүүдө.
Анын ичинен:
- малдын ден соолугун сактоо максатында эпизоотиялык абалдын туруктуулугу камсыздалып, мамлекет тарабынын каржылануучу 9 ооруга каршы вакциналар узгултүксүз жана акысыз берилүүдө;
- ири мүйүздүү асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% жеңилдетилген насыя берүү ишке ашырылууда;
- асыл тукум малды көбөйтүү максатында жасалма уруктандыруу үчүн букалардан алынган уруктук материал, суюк азот жана 160дан ашуун шаймандар республиканын ар аймагына таратылып жатат;
- тоют базасын чыңдоо максатында жайыттарга урон себилип, асыл тукум чарбаларга мамлекеттик фонддун жерлери бөлүнүп берилүүдө.
Мал чарбаңыздын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн төмөнкү сунуштарды эске алыңыз:
- Жеке ветеринардык дарыгерге кайрылып, колуңуздагы малды өз убагында ар бир оорунун түрүнө ылайык вакцина сайдырыңыз.
- Сүттүүлүгү жана эттүүлүгү 4-5 эсе жогору асыл тукум торпок алуу үчүн айылыңыздагы техник урук берүүчүгө кайрылып, жасалма уруктандыруудан өткөрүңүз, натыйжада базарда кымбат баада сатылып кирешениз артат.
- Быйыл жыл кургакчыл болушу мүмкүн, бул болсо тоют тартыштыгына алып келүү коркунучу бар. Ошондуктан арзан, витаминге бай, мал үчүн жагымдуу силос, сенаж жана гидропоникалык тоюттарды азыртан даярдап алыңыз. Бул аракеттер малдын сүттүүлүгүн жогорулатып, ден соолугун чыңдап, чарбаңыздын кирешесин көбөйтүүгө шарт түзөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн