Кыргызстанда спортчуларды допинг көзөмөлгө алуу үчүн Улуттук агенттик түзүлөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов машыктыруучулар менен болгон жыйында айткан.
“Допингке каршы Улуттук агенттикти түзүү боюнча иштерди баштадык. Биринчиден, бул Дүйнөлүк допингке каршы агенттиктин талабы, экинчиден, бул биздин башкы спортчулар үчүн тыюу салынган препараттарды атайын эмес же атайын колдонуусун алдын алуу. Республиканын бардык мелдештеринде допинг көзөмөлдө жүргүзүлөт”, – деген Аманкулов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн