Ушул жылдын 1-июнуна карата өлкөдө ВИЧ-инфекция менен 10 миң 10 адам катталды. Мындай маалыматты республикалык «СПИД» борбору билдирди.
Маалыматка караганда, алардын ичинен 9 451 адам — Кыргызстандын жараны болсо, 559 адам чет өлкөлүк.
Ошондой эле май айында ВИЧ-инфекциясынан улам 12 бейтап көз жумган. Ал эми ВИЧ-инфекциясы катталгандан бери өлкөдө 2 102 адам көз жумду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн