Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:37
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Өлкөдө бир күндө 50 миң бет кап чыгара алган ишканалар иштеп баштады

17.03.2020 12:38
808
Өлкөдө бир күндө 50 миң бет кап чыгара алган ишканалар иштеп баштады


Жакынкы күндөрү жаңы чыгарылган бет каптар дарыканаларга түшүп баштайт, деп билдирди вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 17-мартта өкмөттө өтүп жаткан брифингде.


Анын айтымында, эки ишкана: Ош жана Бишкек шаарларында өндүрүп жатат. Алардын бири күнүнө 50 миңден ашык бет кап иштеп чыгууга потенциалы бар экенин айтууда. 

 

"Мен ойлойм, бүгүн, эртең дарыканаларга таратылып баштайт", - деди ал.


Вице-премьер кошумчалагандай, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 2 млнго жакын бет капты башка мамлекеттерге алып чыгып кетүүгө аракет кылган жеке ишкерлер кармалды. 


Азыркы тапта бул бет каптарды мамлекетке конфискациялоо боюнча биринчи инстанциядагы райондук соттун чечими чыкты. Акыркы чечим да ушундай чыкса Саламттык сактоо министрлигинин фондуна жана дарыканаларга таратылып берилет.     

  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн