Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында – 5
- Ош шаарында – 2
- Ош облусунда – 3
- Талас облусунда – 1
Ал эми бир суткада ооруканалардан 2 медкызматкер жана үй карантининен 11 медкызматкер айыгып чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3266 учур катталды, алардын ичинен 3021 медкызматкер айыгып чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн