Жетинин айы 26, 2025
Убакыт: 09:09
USD
87.30
87.80
EUR
100.90
101.90
RUB
1.095
1.125

Өлкөдө бир суткада 3 медиктен коронавирус табылып, 21 ак халатчан сакайып чыкты

18.09.2020 11:37
1100
Өлкөдө бир суткада 3 медиктен коронавирус табылып, 21 ак халатчан сакайып чыкты


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 18-сентябрдагы брифингде билдирди.


Жаңы учурлар: 


- Баткен облусунда – 2

- Жалал-Абад облусунда – 1


Ал эми бир суткада ооруканалардан 4 медициналык кызматкер жана үй карантининен 17 медициналык кызматкер айыгып чыгарылган.


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3188 учур катталды, алардын ичинен 2760 медициналык кызматкер айыгып чыкты. 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн