17-апрелге карата өлкөдө дагы 12 дарыгер илдет жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 7, Ноокат районунда – 3, Өзгөн районунда – 1, Ош шаарында – 1. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 116 учур катталды.
Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата инфекцияны 489 адам жуктуруп алды. Стационарда – 370 адам жатса, алардын ичинен 4 адам реанимацияда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн