Бир сутка
ичинде өлкө боюнча 120 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы
аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук
саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде
билдирди.
Ал эми бир
суткада 9 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык
кызматкерлер арасында – 2199 учур катталды, алардын ичинен 592 медкызматкер
стационарлардан айыгып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн