Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:54
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

6-апрель: Кыргызстанда коронавирустан каза болгондор 4 адамга жетти

06.04.2020 10:22
1380
6-апрель: Кыргызстанда коронавирустан каза болгондор 4 адамга жетти


Өлкө аймагында коронавирус илдетинен кечээ, 5-апрелде дагы 2 адам каза болду. Мындай маалыматты саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 6-апрелде онлайн брифингде билдирди.


Анын айтымында, алар оор абалда жаткан жарандар болчу. Тилекке каршы бүгүнкү күндө аларды сактап калууга мүмкүн болгон жок.


Буга чейин ушул эле илдеттен 61 жаштагы жана 82 жаштагы эки адамдын каза болгону маалымдалган. Ошону менен 4 адам кайтыш болгону белгилүү болду.


Министр кошумчалагандай, учурда ооруканага жаткырылгандардын ичинен 5 адамдын абалы туруктуу оор бойдон калууда. 2 жаран өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараты менен дем алса, 3 киши кислород менен дем алдырууга туташтырылды.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн