Бир сутка ичинде өлкө боюнча 25 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 24-июндагы брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 8;
Чүй облусунда – 5;
Ош шаарында – 5;
Ош облусунда – 4;
Нарын облусунда – 2;
Талас облусунда – 1.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 629 учур катталды, алардын ичинен 389 медкызматкер стационарлардан
айыгып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн