Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 9-июндагы брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарында – 1, Ош облусунда – 1 жана Ысык-Көл облусунда – 1 ак халатчан инфекцияны жуктуруп алган.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 11 медкызматкер айыгып чыгарылды. Мунун менен оорудан сакайган медиктердин жалпы саны 293кө жетти.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин
арасында – 403 учур катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн