Бир суткада Кыргызстанда 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 19-майдагы онлайн брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, стационарлардан 7 медкызматкер сакайып чыккан.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 257 учур катталды, алардын ичинен 219 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн