Бугу 15, 2024
Убакыт: 16:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Өлкөдө коменданттык саат учурунда 99 жаран кармалып, 7 автоунаа токтотулду

02.04.2020 09:06
812
Өлкөдө коменданттык саат учурунда 99 жаран кармалып, 7 автоунаа токтотулду


Бүгүн, 2-апрелге карата республиканын аймагында өзгөчө абал учурунда коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 99 жаран жеткирилип, 7 автоунаа атайын жайларга токтотулган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча - 82,

Ош шаары боюнча - 8,

Жалал-Абад шаары - 3,

Сузак районунда - 4,

Кара-Суу районунда - 2 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.


Жалпысынан алганда 25-марттан башта бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 1489 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.


“Өзгөчө абал жөнүндө” Конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, ушул мыйзамдын 26-беренесинде каралган тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик кайгуул тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат, ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын дагы бир жолу эскертет, ИИМ.

Ошондой эле ички иштер органдары өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоого жана зарыл иштери жок болсо үйдө калууларын суранат. Жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн