Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 02:15
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.065
1.095

Өлкөдө коронавирус илдетин жуктурган дарыгерлердин саны 195ке жетти

30.04.2020 10:09
1133
Өлкөдө коронавирус илдетин жуктурган дарыгерлердин саны 195ке жетти


Өлкөдө коронавирус илдетин жуктурган дарыгерлердин саны 195ке жетти.  Бул тууралуу 30-апрелдеги брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

 

Маалыматка ылайык, бир сутка ичинде 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган.


Алар төмөнкү аймакта:


Бишкек шаарында – 1;

Чүй облусунда – 2;

Ош облусунда – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 195 учур катталды, алардын ичинен 105 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн