Бугу 12, 2024
Убакыт: 23:11
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Өлкөдө коронавирус жок деген Түркмөнстан БУУ өкүлдөрүнүн тилин тапканбы?

29.06.2020 11:26
1211
Өлкөдө коронавирус жок деген Түркмөнстан БУУ өкүлдөрүнүн тилин тапканбы?


Түркмөнстандын бийликтери өлкөдө коронавирустун жоктугун жашыруу менен коомдук саламаттыкты сактоону коркунучка кептөөдө дешүүдө Human Rights Watch (HRW) уюмунун эксперттери. Укук коргоо уюму мындай билдирүүнү өткөн ишемби күнү таратты.


Укук коргоочулар өлкөнүн бийликтери коронавирус менен ооруп калган бейтаптар жөнүндө маалыматтарды жарыялоого жана саламаттыкты сактоо кызматкерлерине карата цензураны токтотууга чакырышууда.


Эске салсак, Түркмөнстан Борбор Азияда коронавирус катталбаган жалгыз өлкө. Бир чети суктана турган мындай жагдайдын себеби эмнеде?


Бул себептерди БУУнун Ашхабаддагы кеңсесинин башчысы Елена Панова уюмдун жаңылыктар кызматына берген интервьюсунда чечмелөөгө аракет жасады.


Айтымында, “Бириккен Улуттар Уюму Түркмөнстандын өкмөтү берген маалыматтарга таянат. Ал эми Өкмөт өлкөдө COVID-19 жок деп ынаныдырууда”.


Дипломаттын түшүндүрмөсүнө ишенсек, жергиликтүү бийликтер тарабынан көрүлгөн алдын алуу чаралары: чек араларды жабуу, бардык эл аралык аба каттамдарын коопсуздук чаралары каралган Түркмөнабаттын аэропортуна багыттоо, сырттан келгендерди эки жумалык карантинге жайгаштыруу эпидемиядан алыс болууга мүмкүндүк берди.


Башка бир себеби: бул өлкөдө калктын жайгашуу жыштыгы абдан төмөн – бир чарчы чакырым аянтка 13 адам гана туура келет (Арийне “Гундогар” сайты дипломат өлкөнүн 70 пайыз аянтын Каракум чөлү ээлерин эске алган эмес деп белгиледи).


Түркмөнстандын саламаттыкты сактоо системасы калкты массалык тестирлөөгө даярбы деген суроого ал дарт аныктоочу канча каражат камдалгандыгы боюнча расмий маалыматтар жок, өкмөт жетиштүү санда “тест системаларын” сатып алдык деп жаткандыгын билдирди.


Панованын пикиринде, БУУ түркмөн өкмөтүнүн ишенимдүү өнөктөшү болуп эсептелет, саламаттыкты сактоо чараларына, ошондой эле социалдык-экономикалык кесепеттерди жумшартуу аракеттерине колдоо көрсөтөт.


БУУ өкүлү Ашхабаддагы кеңсе кызматкерлердин чектелген саны менен иш алып барып жаткандыгын кошумчалаган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн