Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:17
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Өлкөдө коронавирустан башкы дарыгер жана 71 жаштагы адам каза болду

02.05.2020 15:07
1451
Өлкөдө коронавирустан башкы дарыгер жана 71 жаштагы адам каза болду

 

2-майда Республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирустан 2 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, бейтаптардын бири – медицина кызматкери, №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси К.Д.А., экинчи бейтап 71 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну.


Ал эми эки бейтапта теӊ эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуу жетишсиздиги катталган. Аларда дагы кошумча кант диабети, полиоргандык жетишсиздиги болгону айтылат.

 

Эске салсак, буга чейин коронавирус инфекциясынан өлкөдө 8 адам каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн