Кыргызстандын аймагында бүгүн, 3-майга карата бир сутка ичинде 37 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жарандардан кайталап анализ алынганда илдет табылган эмес.
Айыккандар:
Бишкек шаарында – 21;
Ош облусу – 1;
Ош шаары – 6;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу – 2;
Нарын облусу – 6.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 564 бейтап айыгып, ооруканадан
чыгарылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн