Өткөн сутка ичинде 13 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, каза болгондордун коронавирустан сырткары өнөкөт оорулары
болгон.
Каза болгондор:
1. Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 67 жашта);
2. № 6 Шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 52
жашта);
3. Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 3 (3 эркек, 69-55-70
жашта);
4. Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 52 жашта);
5. Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 53 жашта);
6. Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 2 (эркек, 64 жашта, аял 55 жашта);
7. Жайыл аймактык ооруканасынан – 3 (эркек, 63 жашта, 2 аял – 59-70 жашта);
8. Москва аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 49 жашта).
Жалпы каза болгондордун
саны 112 кишини түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн