Кыргызстан боюнча жалпысынан кош бойлуулар, жаңы төрөгөн айымдар жана ымыркайлар арасында COVID-19 вирусу тастыкталган 82 учур катталды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.
Жалпы санынан бүгүнкү күнгө карата стационарлардан 5 кош бойлуу айым айыгып чыгарылды.
Кош бойлуулар:
Бишкек шаары – 11
Ош шаары жана Ош облусу – 3
Жалал-Абад облусу – 1
Нарын облусу – 5
Жаңы төрөгөн айымдар:
Ош шаары жана Ош облусу (Ош шаардык перинаталдык борбору) – 38
Нарын облусу – 11
Жаңы төрөлгөндөр:
Бишкек шаары – 1
Ош шаары жана Ош облусу (Ош шаардык перинаталдык борбору) – 12
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн