Баш оона 22, 2025
Убакыт: 08:34
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Өлкөдө кумшекерге болгон баа арзандай баштады

30.03.2022 08:44
741
Өлкөдө кумшекерге болгон баа арзандай баштады

Кыргызстанда кумшекерге болгон баа арзандай баштады. Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиги кабарлады.


Маалым болгондой, "Фрунзе" соода түйүндөрүндө 1 килограммга чейин 60 сомдон, 1 килограммдан ашык 77 сомдон сатылууда.

Бүгүндөн тарта "Глобус", "Достор" жана "Народный" ошондой эле базарларда кумшекердин баасы арзандайт.


"Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиги "Кайыңды-Кант" заводуна доллардын куну түшкөндүгүнө жана кошумча нарк салыгы алынгандыгына байланыштуу кумшекердин баасын арзандатуу тапшырмасын берди",- деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн