Кулжа 17, 2025
Убакыт: 15:25
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Өткөн суткада 2 медиктен коронавирус табылып, 25 ак халатчан айыгып чыкты

28.09.2020 11:50
1019
Өткөн суткада 2 медиктен коронавирус табылып, 25 ак халатчан айыгып чыкты

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-сентябрдагы брифингде билдирди. 


Жаңы учурлар: 


Ош шаарында – 1

Ысык-Көл облусунда – 1


Ал эми бир суткада ооруканалардан 3 медкызматкер жана үй карантининен 22 медициналык кызматкер айыгып чыгарылган.


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3241 учур катталды, алардын ичинен 2976 медкызматкер айыгып чыкты. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн