Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалым болгондой, Баткен облусунда 1, Бишкек шаарында 1 адам коронавирустан улам көз жумду.
Учурда стационарларда 2690 бейтап, ал эми 2481 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы 1113 адам каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн