Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өлкөдө соңку 3 ай ичинде өрттүн саны 22 пайызга азайды

03.04.2020 17:52
611
Өлкөдө соңку 3 ай ичинде өрттүн саны 22 пайызга азайды


Кыргызстанда тилсиз жоо 3 ай ичинде 22.4 пайызга азайды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, соңку үч ай ичинде республика боюнча 629 өрт кырсыгы катталып (2019-ж. 811) өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 22,4% азайган. Өрттүн кесепетинен 7 адам каза таап (2019-жылы 20 адам), жана 9 адам жабыркаган (2019-жылы 20 адам - 55%га азайган). Өрттөн 17 адам куткарылган (2019-ж.  26 адам ).

 

Маалыматка таянсак, өрттөрдүн негизги себептери, отко этиятсыздык менен мамиле кылуудан, электр жабдууларын жана мештерди, морлорду этиятсыздык менен колдонуудан, балдардын от менен ойноосунан келип чыкканы айтылат.


 Ошондой эле, болуп өткөн өрттөрдүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда катталган 178 жолу. Бишкек шаарында 110, Жалал-Абад облусунда 81, Ош облусунда 85, Ысык-Көл областында 71, Ош шаарында 16 жолу өрт кырсыгы орун алган.


Жалпы 629 өрт кырсыгы катталып, анын  64,1 пайызы (403) турак жайларда чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн