Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 00:59
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Өлкөдө сутка ичинде 14 медиктен коронавирус аныкталып, 9 дарыгер айыкты

20.08.2020 11:25
1051
Өлкөдө сутка ичинде 14 медиктен коронавирус аныкталып, 9 дарыгер айыкты


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-августтагы брифингде билдирди. 


Жаңы учурлар: 


• Бишкек шаарында – 3;
• Чүй облусунда – 1;
• Ош шаарында – 1;
• Баткен облусунда – 6;
• Жалал-Абад облусунда – 3.

Ал эми бир суткада 2 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 7 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3059 учур катталды, алардын ичинен 2372 медкызматкер айыгып чыкты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн