Бир сутка ичинде өлкө боюнча 70 медициналык кызматкерден COVID-19 вирусу аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаары– 25
- Чүй облусунда – 19
- Ош шаарында – 18
- Ош облусунда – 1
- Талас облусунда – 2
- Жалал-Абад облусунда – 5
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 8 медкызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2269 учур катталды, алардын ичинен 600 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн