Бир сутка ичинде өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб 24-августта билдирди.
Жаңы учрлар:
• Бишкек шаарында – 1;
• Баткен облусунда – 2;
• Жалал-Абад облусунда – 6.
Ал эми бир суткада ооруканалардан жана үй карантининен айыгып чыгарылган медициналык кызматкерлер жок.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3101 учур катталды, алардын ичинен 2385 медкызматкер айыгып чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн