Бугу 12, 2025
Убакыт: 22:02
USD
87.30
87.80
EUR
97.00
98.00
RUB
1.045
1.100

Өлкөдө цементтин баасына мониторинг жүргүзүлүүдө

Өлкөдө цементтин баасына мониторинг жүргүзүлүүдө


Өлкөдө цементтин баасына мониторинг жүргүзүү жана курулуш материалдар рыногундагы баанын туруксуздугунун мүмкүн болгон тобокелдиктерине жооп берүү уланууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.


Маалыматта белгиленгендей, цементтин баасынын негизсиз өсүшүн алдын алууга багытталган рыноктун катышуучулары менен түшүндүрүү иш-чаралары туруктуу негизде жүргүзүлүп турат.


Мониторингдин жүрүшүндө айрым цемент заводдорундагы оңдоо иштерине, ошондой эле сезондук фактордун таасирине байланыштуу "Терек-Таш" заводунда М-400-450 маркасындагы 50 килограммдык цементтин тартыштыгы байкалган. 15-майдан тартып "Терек-Таш" заводу толук кубаттуулуктагы өндүрүшүн жандандырат. Мында даярдоочу заводдор цементтин сатуу баасын көтөрүшкөн эмес.


Экинчи рынокто продукция өндүрүүчүлөрдүн бааларына салыштырмалуу 150-200 сомго кымбат сатылууда. Бишкекте цементтин орточо баасы бир мүшөк үчүн 500-550 сомду түзөт. Логистикалык чыгымдар жана айрым соода түйүндөрүнүн алып-сатарлык жүрүм-туруму чекене баанын жогорулашынын негизги себептери болуп саналат.


Белгилей кетсек, курулуш тармагында туруктуулукту камсыз кылуу жана өсүштүн жогорку темптерин сактоо максатында министрлер кабинети 31-мартта “Курулуш товарларынын айрым түрлөрүн импорттоого убактылуу тарифтик эмес чараны киргизүү жөнүндө” мурда бекитилген документке өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камтыган токтом кабыл алды. Жаңы токтомдо өлкөгө цементти ташып келүүгө коюлган убактылуу чектөө алынып салынды.


Бул чечим курулуш материалдарына өсүп жаткан суроо-талапты канааттандырууга жана курулуш объектилеринин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталган. Бул өз кезегинде республиканын экономикасын мындан ары өнүктүрүүгө шарт түзөт. Цементтин импортуна убактылуу тыюунун алынышы рынокто атаандаштыкты колдоого, тартыштыкты алдын алууга жана курулуш материалдарына болгон бааны турукташтырууга багытталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн