Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:48
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Өлкөдө вирус менен күрөшүүгө жалпы 59 млн доллар грант чогулган

01.05.2020 09:40
1024
Өлкөдө вирус менен күрөшүүгө жалпы 59 млн доллар грант чогулган


Коронавирус илдети менен күрөшүүгө алынган кайтарымсыз гранттар боюнча жалпысынан 59 млн доллар топтолгонун кечээ, 30-апрелде өкмөт өкүлдөрү парламент жыйынында айтышты.


Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк банк 21 млн доллар, Ислам өнүктүрүү банкын 15 млн доллар жана Азия өнүктүрүү банкы 20 млн доллар берген.


Аткаруу бийлигинин өкүлдөрү бул гранттар үч багытка жумшаларын айтышты. Биринчиден: мамлекеттик казынага көмөк көрсөтүү, экинчиден: коронавируска каршы күрөшүү, үчүнчүдөн экономикалык багытка жумшоо. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн