Бештин айы 26, 2024
Убакыт: 17:20
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

Өлкөдө юридикалык жардам көрсөтө турган jardam.kg сайты ишке киргизилди

13.12.2024 15:20
251
Өлкөдө юридикалык жардам көрсөтө турган jardam.kg сайты ишке киргизилди


Өлкөдө юридикалык жардам көрсөтө турган jardam.kg сайты ишке киргизилди. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын төрагасы Акжол Калбеков билдирди.

Анын айтымында, ар бир жаран jardam.kg сайтына кирип, укуктук кеп-кеңеш ала алат. 

“Сайтта ар бир жарандын укуктук маселелерине байланышкан суроолоруна жооп алуу үчүн мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Суроолордун категориясына жараша искусстволук интеллект тиешелүү маалыматтарды чыгарып берет. Анда кайрылуучунун андан аркы жасоочу кадамдары ирети менен көрсөтүлөт. Ошондой эле юристтердин профилиндеги адистерден кеп-кеңеш алууга да болот”, - деди Акжол Калбеков. 

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков бул сайт чет өлкөдө эмгектенген мигранттар үчүн ыңгайлуу экендигин белгиледи. 

“Эгер жарандар сайт аркылуу тиешелүү суроолоруна жооп таба албай калса, 114 кыска номерине чалып жооп ала алат. Юридикалык жардам кызматынын координатору менен байланышуу бөлүмүндө көрсөтүлгөн өлкө аймагындагы акысыз юридикалык жардам көрсөтүү кеңселерибизге да кайрылса болот”, - деп кошумчалады ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн