Бугу 03, 2024
Убакыт: 23:54
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Өлкөдөгү ашуулардагы жана жолдордогу чектөөлөр алынды, - министрлик

15.03.2024 11:00
144
Өлкөдөгү ашуулардагы жана жолдордогу чектөөлөр алынды, - министрлик


Бүгүн, 15-мартка карата Кыргызстандын бийик тоолуу ашууларында менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, буга чейин Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө эртең менен саат 8:20да алынды. Ошондой эле Өтмөк ашуусунда дагы унаа кыймылына чектөө жок.

Транспорт министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышат.

Ал эми Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунда катуу бороон болуп, каттам үчүн кыйынчылыктар жаралды. Азыркы тапта №960 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Унаа тыгыны жок.

Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн