Бугу 06, 2024
Убакыт: 02:00
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Өлкөдөгү бир катар унаа жолдоруна чектөөлөр киргизилди (тизме)

21.02.2024 10:25
107
Өлкөдөгү бир катар унаа жолдоруна чектөөлөр киргизилди (тизме)


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы өлкө аймагында жабык болгон унаа жолдор тууралуу маалымат берди.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, учурда кар жаап, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам өлкө аймагындагы төмөнкү унаа жолдоруна чектөөлөр киргизилген:

- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-чакырымдан тартып, 130-чакырымы;
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымынан тартып, 95-чакырымына чейин жол жабык;
- Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 45-чакырымынан тартып, 60-чакырымына чейин жол жабык;
- Түп – Кеген унаа жолунун 39-чакырымынын тартып 76-чакырымына чейинки аралыгы.

ЖКККББ айдоочулардан жогорудагы унаа жолдорго киргизилген чектөөлөрдү эске алып, коопсуздук эрежелерин так сактоону өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн