Бугу 06, 2024
Убакыт: 00:39
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт, - Муфтият

27.07.2020 19:10
551
Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт, - Муфтият


Кыргызстанда жума намазы убактылуу окулбайт, ошондой эле 31-июлда Курман айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт, деп эскертти Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы.

 

Алардын маалыматында, мындай аракет коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элдин салматтыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында ишке ашырылып жатат.

 

Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Курман айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз. Бул күнү бири-бирибиздикине айттап барбастан, үйлөрдө курмандыгыбызды чалып, Куран окуп, мамлекетибизге, элибизге, жерибизге жакшылыктарды тилеп, маркумдарыбызга дубаларыбызды багыштайлы”, - деп жазылат Муфтияттын маалыматында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн