Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:59
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Өлкөдөн 60 млрд сомдой акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча эки жаран кармалды

18.05.2021 14:26
842
Өлкөдөн 60 млрд сомдой акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча эки жаран кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы “К.Н.” карата мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, 59,5 млрд. сом суммасындагы акча каражатын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып кетүү боюнча КР жарандары “Х.К.Л.” жана “У.И.Ш.” кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.



Такталган боюнча, “Х.К.Л.” жана “У.И.Ш.” Кытай эл республикасына чет өлкөлүк компаниялардын эсептерине мыйзамсыз которуу максатында, банк мекемелерине акча каржатарын чогултултуп бергендиги аныкталды.


Азыркы учурда аталган коррупциялык схеманын уютуруучуларын жана башка бир адмдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.


Мындан тышкары, бул кылмыш ишинин алкагында, аталган кылмышка шериктеш Кыргыз Республикасынын жараны 1973-жылы туулган Жолдошбаев Бахтияр Сатышевичке издөө иштери улантылууда.


Эгерде издөөдө жүргөн Жолдошбаева Б.С. жүргөн жерин боюнча маалыматтар болсо, КР УКМК нөөмөт бөлүмүнүн 0312-62-05-85, 0312-66-04-75 номерине, жана ошондой эле 0555-55-30-46 мобилдик телефонуна кабарлап коюунуздарды өтүнүп кетебиз.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн