Бугу 10, 2024
Убакыт: 13:40
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Өлкөгө Азия оюндарындагы алгачкы алтынды Эрлан Шеров алып келди

26.09.2023 14:56
403
Өлкөгө Азия оюндарындагы алгачкы алтынды Эрлан Шеров алып келди


Ханчжоу шаарында (Кытай) өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык Эрлан Шеров алтын медаль тагынды. Бул тууралуу турнирдин сайтында айтылат.


90 килограммга чейинки салмак ченинде финалда Эрлан Шеров өзбекстандык Давлат Бобоновдон күчтүү болду.


Кыргызстандык буга чейин Кытай, Ливан жана БАЭ спортчуларын жеңген.


Ал Кыргызстандын тарыхында Азия оюндарында алтын медаль алган биринчи дзюдочу болду.


Белгилей кетсек, бул өлкөнүн азыркы Азия оюндарындагы биринчи сыйлыгы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн