Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 03:13
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Өлкөгө Ирандан мекендештер жана гуманитардык жүк келди

19.05.2020 08:53
1055
Өлкөгө Ирандан мекендештер жана гуманитардык жүк келди


Иран Ислам Республикасынын Мешхед шаарынан Бишкекке чартердик аба каттамы менен мекендештер жана гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан маалымдашты.

Гуманитардык жүктү берүү расмий салтанаты «Манас» эл аралык аэропортунда транспорт жана жолдор министри – өкмөттөр аралык эки жактуу комиссиянын кыргыз тарабынын тең төрагасы Жанат Бейшеновдун жана Кыргызстандагы Ирандын элчиси Саид Харазинин катышуусунда өттү. 

Берилген гуманитардык жардам жеке коргонуу каражаттарынан (беткап, кол кап, кийим, коргоочу көз айнек), дары-дармектерден турат. 

Кыргыз өкмөтү өлкөдө коронавирус эпидемиясын жеңүүгө өбөлгө түзө турган гуманитардык жардам үчүн Иран тарапка ыраазычылык билдирип, эки мамлекеттин ортосундагы мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка ишеним көрсөттү. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн