Бугу 16, 2024
Убакыт: 10:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Өлкөгө аткезчилик менен ташылган 40 коробка тамеки аныкталды

07.07.2021 13:40
750
Өлкөгө аткезчилик менен ташылган 40 коробка тамеки аныкталды

Ошто 1,6 млн сомдук аткезчилик жол менен ташылып келген ири партиядагы чылым аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Он Эки-Бел айылында тыюу салынган жүктөрдү ташууга шектелген “С.А.И.” аттуу жарандын башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен.


«Транспорт каражатынын жүк бөлүгүнө бажылык текшерүү жүргүзгөн учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан акциздик маркасы жок 40 коробкага салынган 240 миң даана Бирикен Араб Эмиринде өндүрүлгөн “Milano” соода маркасындагы тамеки продукциясы табылган»,-деп берилет маалыматта.


Учурда бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн