Бугу 20, 2024
Убакыт: 16:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Өлкөгө мыйзамсыз келе жаткан мандарин аныкталды

24.02.2021 11:45
549
Өлкөгө мыйзамсыз келе жаткан мандарин аныкталды

Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан наркы 2,4 млн сомдук мандарин жана кийим кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлады.


Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен облусунда У.А.Д. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “ Mersedes-Benz Sprinter ” үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан мандарин жана спорт кийимдери табылган. Кармалган товарлардын жалпы наркы 2 млн 411 миң 480 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн