Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өлкөгө оң рулдуу унааларды алып келүү демилгеси четке кагылды

26.04.2022 16:32
414
Өлкөгө оң рулдуу унааларды алып келүү демилгеси четке кагылды

Бүгүн, 26-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.


Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Чолпон Султанбекова мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын аймагында оң рулдуу транспорттук каражаттарды каттоо, эксплуатацияга жана жол кыймылында катышууга жол берүү үчүн мурдагы импорттук тыюуну алып салуу максатында иштелип чыкканын белгиледи.


Талкуу маалында депутат Русланбек Жакышов оң рулдуу унааларды алып кирүүгө уруксат берүү маселесине Ички иштер министрлигинин көз карашы кандай экенине кызыкты.


Өз кезегинде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов оң рулдуу унаалардын катышуусундагы жол кырсыктары көбөйгөнүнө байланыштуу 2015-жылы тиешелүү тыюу киргизилгенин белгилеп: “2015-жылы оң рулдуу унаалар жол кырсыктарынын 33,2%ына себепкер болсо, былтыр 21%га түштү. Тагыраагы, оң рулдуу унаалар катышкан кырсыктар 12%га азайды. Жол эрежелерине жана талаптарына ылайык, аталган тыюну кайрадан алып салууга биз каршыбыз”, – деди.  


Ал эми депутат Чолпон Султанбекова тыюуга карабай оң рулдуу унаалар киргизилип жатканын жүйө келтирип: “Бирок үчүнчү мамлекеттерден келип жаткан аталган унаалардын абалы өтө начар”, – деди.


Ошондой эле депутат Карим Ханджезанын “Сунушталган мыйзам долбоору ЕАЭБдин техникалык регламентине каршы келбейби?” – деген суроосуна “ЕАЭБге кирген өлкөлөрдө кескин чектөө жок. Бир гана М-2 жана М-3 категориясындагы жүргүнчү жана жүк ташуучу каражаттарга гана чектөө бар. Тагыраагы, 8ден көп орундуу жүргүнчү жана жалпы жүк ташуучу унааларга гана тыюу салынып, жеңил унааларга чектөө каралган эмес”, – деп жооп берди Чолпон Султанбекова. 


Мындан тышкары жыйында ушундай эле аталыштагы мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан автотранспорт каражаттарын алып келүү маселесин, монитору бар озуп өтүү камерасын милдеттүү түрдө орнотуу аркылуу чечүү сунушталып жатканы белгиленди. Бул өлкөнүн автопаркын жаңылоого, сапаттуу автотранспорттун жарандарга жеткиликтүүлүгүн жана ири шаарлардагы экологиялык кырдаалды жакшыртууга мүмкүндүк берери кошумчаланган.


Бирок Министрлер кабинетинин терс корутундусун эске алуу менен сунушталган мыйзам долбоорунун концепциясын комитет четке кагып, көчүрмөсү Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жалпылоо үчүн жөнөтүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн