Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 10:34
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Өлкөнү санариптештирүү саясаты боюнча «Санарип Кыргызстан» концепциясы ишке кирди

03.04.2020 17:42
975
Өлкөнү санариптештирүү саясаты боюнча «Санарип Кыргызстан» концепциясы ишке кирди

 

Президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнү санариптештирүү жөнүндө жарлыгынын алкагында мамлекеттик органдарга электрондук документ жүгүртүү системасын киргизүү иши улантылып жатат. Бул тууралуу маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев бүгүн, 3-апрелде мамлекет башчысы менен жолугушууда билдирди. 

Догоевдин айтымында, бүгүнкү күндө бул система мамлекеттик 123 уюмда жана мекемеде иштеп жатат. Колдонуучулардын жалпы саны дээрлик 9 миң кишини, электрондук форматтагы документтердин жалпы көлөмү акыркы 6 айдын ичинде 237 миң документти түзгөн.

Ошону менен бирге Дастан Догоев өлкөнү санарипке өткөрүүнүн мамлекеттик саясатынын алкагында «Санарип Кыргызстан» концепциясын ишке ашыруу боюнча иштер улантылып жатканын кошумчалады.

2020-жылдын май айында өлкөнүн бардык айыл өкмөттөрүндө «Санарип аймак» долбоорунун башталышы пландалып, жылдын аягына чейин бул долбоор бүт өлкөгө киргизилет. Бүгүнкү күндө «Санарип аймак» 8 айыл өкмөтүнө пилоттук режимде киргизилген. Долбоордо электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматка өткөрүү жана айыл өкмөтүнүн деңгээлинде башкаруу тутумун автоматташтыруу камтылат.

Дастан Догоев санариптештирүүдөгү олуттуу алга жылуулар аралыктан окутуу ыкмасын уюштуруу боюнча билим берүү чөйрөсүндө байкалганын белгиледи. Президенттин өлкөнү санариптештирүү жөнүндө жарлыгын ишке ашыруунун алкагында бирдиктүү ачык санарип билим берүү экосистемасын иштеп чыгуу жолу менен билим берүү системасынын сапатын жогорулатууга багытталган бирдиктүү санарип билим берүү платформаларды түзүү пландалууда.

2020-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системасындагы транзакциялардын жалпы көлөмү 25 миллиондон ашкан, ал эми 2018-жылдын сентябрынан 2019-жылдын декабрына чейин 24 млн транзакция аткарылган.

2020-жылдын биринчи чейрегинде 25 млн транзакциянын ичинен 14 миллиону мамлекеттик органдардын ортосунда жана 11 миллиону мамлекеттик органдар менен коммерциялык уюмдар ортосунда болгон.

Дастан Догоев президенттин жарлыгына ылайык, 2020-жылга карата санариптештирүүнүн артыкчылыктуу багыттары — билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо жана айыл чарба тармактары экенин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында долбоорлордун ишке ашырылуусунун жүрүшүн канааттануу менен белгилеп, санарип продуктуларынын калк үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу болушуна өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн