Кыргызстандын үч облусунда коронавирус жуктургандардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 23-сентябрдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, Баткен, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон калууда.
"Кыргызстанда өткөн жумада сутка ичинде коронавирус жуктургандардын саны 47 адамдан 91 адамга чейин өстү. 23-сентябрга карата 539 адам стационарда, 1 677 адам амбулатордук дарыланууда. Ошондуктан баарыңыздарды санитардык-эпидемиялык эрежелерди сактап, беткап тагынып, социалдык аралыкты сактоого чакырам", - дейт өкмөт башчы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн