Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Өлкөнүн, элдин кызыкчылыгы үчүн кылынып аткан иштерде биз да өлкө кызыкчылыгын баарынан жогору коёлу

14.05.2021 11:47
1395
Өлкөнүн, элдин кызыкчылыгы үчүн кылынып аткан иштерде биз да өлкө кызыкчылыгын баарынан жогору коёлу


Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айрым батыл, чечкиндүү, жигердүү кадамдары  кээ бирлерге  жакпай, аз эле убакытын ичинде душмандары,  экөөсүнө тиш кайраган күчтөр, топтор, экөөсүн бийликтен алып түшсөк деген кутум ойлуулар көбөйдү. Бийлик бар жерде талаш бар.


Камчыбек Ташиевдин өлкөнү талап-тоноп, элдин ырыскыларын уурдагандарды «кустуруу» багытындагы иштери  коррупцияга малынгандарды жаалдантып,  «кустуризация» кампаниясы Ташиевдин ысымын дискредитациялоо кампаниясы  менен коштолуп  келатат. Буга улай чек ара маселелериндеги чечкиндүүлүгү, эл менен эсептешип, өлкөнүн кызыкчылыгын көздөп  иш алып барып жаткандыгы кошуналардын да кыжырларын келтирип, алар ва-банктык кадамдарга барып, аскердик   кол салса, ушуну эле күтүп, эки достон кутула албай жаткан беле,  Кремль тажик тараптын агрессиясына дагы бир чоңураак  бир нерсени күткөндөй  алаканын ушалап, кайдыгер карап туруп берди. Бул окуялардын жүрүштөрүндө да   эки досту бийликтен  «алып түшүү» аракеттери болду.  


Жапаров менен Ташиевди бийликтен «кулатуу»  аракеттери дагы күч алса, ага таң калуунун кереги жок.  Себеби, бүгүнкү бийлик «Кумтөр Центерра» деген «ажыдаардын» куйругун басып, дагы бир чоң душмандуу болуп алды.   Алар буга чейинкилердей «Кумтөр» менен жең ичинен сүйлөшүүгө барышпады,  канадалыктарга «жатып» беришкен жок. Демек, Октябрь райондук сотунун «экологиялык зыян үчүн 261,7 млрд. (дээрлик 5 млрд. долларга жакын акча)  сом кыргыз өкмөтүнө төлөнүп берилсин» деген чечими бүгүнкү  бийлик башындагыларга карата жаалдуу  каралоо кампаниясын жаратпай койбойт.  Кыргыз бийлигинин, кыргыз аткаминерлеринин, кыргыз элинин, кыргыз коомунун табиятын, аң-сезимин  жакшы билип калышкан канадалыктар бул сумманы төлөбөө үчүн ар кандай жолдорго барышат.  Буга дейре миллиндогон жашылбайлар менен кыргыз өкмөтүн баш, парламентин  төш кылып сатып алышып, ооздорун жабышып, каалаган чечимдерин чыгартуунун  ыгын таап алышкан Кумтөрдүн жетекчилиги  эми жашылбайлардын күчү менен бийликке каршы митинг, ар кандай нааразылык акцияларын  уюштурушуп, бийликке каршы  элдин бир бөлүгүн  шыкактоолору толук мүмкүн.  Тилекке каршы, бизде  «акчаң болсо кулуңмун» дегендей, акысы  төлөнсө,  «илибой» митингдерге чыгуучу жарандар  четтен чыгат. Чындык ушундай… Кумтөр үчүн ондогон миллион  долларларды  жогорудагыдай  максаттар  үчүн  жумшап коюу кеп деле эмес. 


Айтайын дегеним, кеч болсо да «Кумтөр»  маселесинде  «муз ордунан жылды». Ошону менен бирге «Кумтөр» тарап да активдешип, каралоо кампаниясын баштаганы байкалууда.  Андыктан канадалыктардын куралына айланып, алардын чырактарына май тамызып, экологиялык зыян үчүн компенсацияны өндүрүүгө кедергибизди тийгизбейли. Тескерисинче, бүгүнкүлөрдүн 261,7 млрд. сомду өндүрүү  аракетине колдоо көрсөтөлү, жардам берели! Биздин  жардам ар кандай алдоолорго, азгырууларга барбастан, өлкөдө туруктуулукту сактоо болуп саналат. Доо  өндүрүлсө,  өлкөбүздүн тышкы карызынан  кутулууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

 

Саясат, бийлик талашуу, кызмат талашуу  өз жолу менен. Бирок  өлкөнүн, элдин кызыкчылыгы үчүн кылынып аткан  иштерде  биз да өлкө кызыкчылыгын баарынан жогору коёлу! Ою бузукулардын, кутум ойлуулардын азгырыктарына алданбайлы, алардын  куралына айланбайлы!


Мирлан Дүйшенбаев, журналист

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн