Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 6 айда 228 млрд сомду түздү

30.07.2020 17:23
1081
Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 6 айда 228 млрд сомду түздү


Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү акыркы 6 айда 228 млрд сомду түздү. Бул тууралуу экономика министри Санжар Муканбетов 30-июлдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, алты айдын эсеби менен ички дүң продукциянын көлөмү 5,3%га кыскарып, 228 млрд сомду түздү. 


"Өлкөбүздүн экономикасынын өсүшү 94,7%ды түздү. Мында өнөр жайыбыз нейтралдуулукту сактап, 0,1% гана өстү. Ал эми айыл чарба сектору 1,6%га өсүшүн көрсөттү. Эң чоң төмөндөө курулуш тармагында (10%) жана кызмат көрсөтүү тармагында (9,2%) байкалды”, - деп билдирди Санжар Муканбетов. 


Анын айтымында, эл аралык уюмдардын баалоосу боюнча экономиканын өнүгүшү 3-10%га чейин кыскарары белгиленген. Ал эми Дүйнөлүк соода уюму товар алмашуу дүйнөдө 30%га чейин кыскарат деген божомол чыгарган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн