Кыргызстандын президенти Ротшильддердин үй-бүлөсү Кыргызстандагы уранды иштетүүгө катыштыгы бар деп айткан чет элдик блогерге жооп берди.
Кеп өзүн Борбор Азия боюнча эксперт деп эсептеген блогер Анастасия Ахметова жөнүндө болуп жатат.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын өнүгүү жолуна түшкөнү баарына эле жага бербей турганын белгиледи.
“Мамлекет алсырап, дестабилизация болушун каалаган тышкы күчтөр толтура. Ошондуктан биздин ички иштерди өз кызыкчылыгы үчүн талдамыш болгондордун жетегине кирип, сөздөрүнө ишенип кетпеңиздер дейт элем. Блогер айымга да, башкаларга да эскерте кетейин, сөз болгон кенде урандын үлүшү болгону 0,17 пайыз. Ал жердеги негизги кен — бул титаномагнетит. Аны алып кетсек курамы аз болсо да өмүр бою урандан тазаланып алабыз. Ысык-Көлгө сиз күйбөй эле коюңуз, Анастасия айым, Ысык-Көлгө кыргыздар өзүбүз күйөбүз, өзүбүз сактап алабыз”, — деди өлкө башчы.
Жапаров рекультивациялык иштер аткарылып, өлкөнүн аймагында эч кандай уранды байытуу иштери жүрбөй турганын кошумчалады.
“Биздин экономикага пайдасы тие турган ири долбоорлор башталарда кайдан-жайдан тышкы күчтөр жанданып баштайт. Ушундай эле көрүнүш 2019-жылы Нарын облусунун Ат-башы районуна логистикалык борбор курарда болгон. Тилекке каршы, анда душмандардын тилеги ийгиликке жеткен. Инвесторлор 280 миллион доллар салып ири логистикалык борбор курууну пландаган болчу. 15 миңдик жумуш орду түзүлөрү, борбор иштей баштаары менен экономикабызга миллиарддаган акча агылары болжонгон. Бирок Анатасия сыяктуу тышкы күчтөрдүн эксперттери жалган маалыматтарды таратып жатып элди коркуткан. Натыйжада жергиликтүү калк улам каршылык көрсөтүп отуруп инвестор кетүүгө аргасыз болгон. Кийин ошол эле каршы чыккандар “бекер кылыптырбыз” деп өкүнгөнүн көрүп жүрөбүз. Азыр “чакырганга келбеген ымдаганга зар болот” болуп отурабыз. Ошондуктан туугандар, ак-караны, дос-душманды ажырата билиңиздер. Оомал-төкмөл заманда интернетке чыккан маалыматтарды тыкыр талдап, анан кабыл аласыздар деп кайрылып отурам. Тышкы душмандын айткан сөзүнө ишенбейли, алданбайлы. Өлкөбүздүн ички иштерине башкалардын аралашуусуна жол бербейли”, — деди президент.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн