Бугу 09, 2024
Убакыт: 04:19
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугу учурдун талылуу маселесине айландыбы?

07.06.2021 10:38
1487
Өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугу учурдун талылуу маселесине айландыбы?

«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти, Кыргызстандын жараны Орхан Инандынын табышмактуу жагдайда жоголгонуна бүгүн туура жети күн болду. Ал жоголгон 31-майдан бери өлкөбүздүн бардык тийиштүү мамлекеттик органдары реакция жасады. Ички иштер министрлиги атайын ыкчам топ түзүп, издөө иштерин жүргүзүүдө. УКМК милицияга ар тараптуу жардам көрсөтүп жатканын билдирди. Президент Садыр Жапаров да Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүү жана кошумча күч тартууну тапшырган. Коопсуздук кеңеши да укук коргоо органдары менен кеңешме өткөрүп, издөө иштерин күчөтүү керек экенин белгилеген.


Бирок, издөө иштери азырынча эч кандай натыйжа берелек. Мындайда «Коопсуз шаар» долбоору деле жардам бере албастыгын түшүндүк. Ал жөн гана жол эрежелерин бузган айдоочуларга айып салуу үчүн гана кызмат өтөйт экен. Болбосо, бул долбоор жол кырсыктарын азайтуу менен бирге түрдүү кылмыштардын бетин ачууда да жардам бериши керек эле.


Ошентип жалпы коомчулукка белгилүү билим берүү мекемесинин директору дайынсыз жоголуп, жети күндөн бери кайда экени табылбай жатканы, өлкөбүздүн ички коопсуздугу да жакшы эмес жагдайда экенин кабарлап койду. Элге белгилүү адамдын дайыны табылбай жатса, анда карапайым адам жоголуп кетсе, анын табылышынан таптакыр эле үмүт үзүлчүдөй.


Мындан сырткары 4-июнда таңга маал тажик аскерлери Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аттуу тактала элек аймакка контейнер орнотуп, Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келишкени кабарланган. Ал жерге тажик аскерлери, жеңил брондолгон техника жана автоунаалар топтоло баштаганы да айтылган. Мындан улам чек арага жакын аймактардагы кыргыз айылдарынын жашоочулары үйлөрүн таштап, эвакуациялана баштаганы да бир топ кооптонууларды жараткан. Акыры эки өлкөнүн УКМК жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде чек арадагы кырдаал жөнгө салынды. Эвакуацияланган мекендештерибиз үйлөрүнө кайтып бара баштады.


Бирок, баары бир кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга чекит коюлду деп айтууга эрте. Себеби, ага чейин эле апрель айынын аягында Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарга тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусу болуп өткөн. Тажик тараптын агрессиясынан улам 36 кыргызстандык каза таап, бир нече айылдардын үйлөрү өрттөлгөн. Бир топ оор өткөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында эки тарап тынчтыкка жетишкен эле. Бирок, арадан бир ай өтүп-өтпөй минтип Чоң-Алайдагы чектеш аймакта тажик аскерлери кооптонууну жаратты. Эми дагы мындай көрүнүш кайталанбайт деп кепилдик берүүгө оор.


Демек, мына ушул эки жагдай өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугу көйгөйлүү маселеге айланганын түшүндүрүп турат. Өлкөнүн стабилдүүлүгү, бүтүндүгү сакталышы үчүн ички жана тышкы коопсуздук бекемделиши шарт. Экономикалык абалдын оор болуп турганы да өзүнчө маселе, ал эми коопсуздук маселеси биринчи орунда болушу керек.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн