Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 11:20
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Өлкөнүн каржы жагында абал оор болбосо, Акылбек Жапаров жооптуу кызматка келбейт эле

15.10.2021 13:01
3708
Өлкөнүн каржы жагында абал оор болбосо, Акылбек Жапаров жооптуу кызматка келбейт эле


Акылбек Жапаровдун жооптуу кызматка келгени өлкөнүн финансы тармагы каржалып турганынан кабар берет. Садыр Жапаров акыркы үмүтүнө таянып, Акылбек Жапаровго дагы бир акылдуу финансист Арзыбек Кожошевди кошту. Эгер өлкөнүн каржы жагында абал оор болбосо, коомчулуктагы ушунча негатив, ушунча жек көрүү менен Акылбек Жапаровго жооптуу кызматты жүктөп, чимкирик парламенттин эшигин какпайт эле.


Эми ар бир өкмөттө коомдун көңүлүн бура турган бир "балп" этме керек. Эдил Байсалов бул кызматты сонун аткарат, менимче. Акча жок, грант жок, сырткы алакалар жок азыр. Кустурузация да, өтөсүнө чыгып баратат. Анан, ушундай кыйын кырдаалда кайдагы реформа? Реформа кылыш үчүн акча керек! Мисалы: Эдил Байсалов соцтармакты Лондондук тажрыйба менен гүлдөтүп жибереби? Эч качан андай болбойт. "Мындай кылыш керек"  "андай кылалы деп жатабыз", "ишке ашыруу зарыл же, керек" - сыяктуу терминдер жаңырган Акүй менен Көкүйдө мага демектен Жапаровдор эмес жүз Эдил бириксе да, бир ташты өйдө жылдырып койалбайт. 


Колу, буту тушалуу кыргыздын чоңдору калп эле элди удургутуп, Акылбек Жапаров менен Арзыбек Кожошев келсе эле гүлдөп, өнүгүп, өсүп кетели деп жатышат. Андай болбойт, достор! Акылбек Жапаров  кыргыз үчүн акыркы вагон. Калган ишибиз мындан ары Кудайга калды.


Манас Осмон, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн