Теке 05, 2024
Убакыт: 13:44
USD
85.80
86.70
EUR
92.50
93.50
RUB
0.955
1.000

Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүнүн кадамдары сунушталды

22.07.2020 12:33
1157
Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүнүн кадамдары сунушталды


Кыргызстан БУУ экономикалык жана социалдык кеңеши тарабынан уюштурулган жогорку деңгээлдеги саясий форумда өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү боюнча биринчи Улуттук ыктыярдуу серебин сунуштады.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Улуттук ыктыярдуу сереп менен видеоконференция режиминде экономика министри Санжар Мукамбетов тааныштырды.

Улуттук ыктыярдуу серепте өлкөнүн туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө негизги кадамдары чагылдырылып, орун алган маселелерге жана жетишилген ийгиликтерге талдоо жүргүзүлдү, ошондой эле мындан аркы иштерди талап кылган чөйрөлөр аныкталды. 

Кыргызстандын биринчи Улуттук ыктыярдуу сереби туруктуу өнүктүрүү жаатында 16 максатты камтыйт. 

Улуттук ыктыярдуу серепте республикада жүргүзүлгөн туруктуу өнүктүрүүнүн башкы компоненттери – социалдык, экономикалык жана экологиялык саясатка негизделген 2030-жылга чейинки мезгилге күн тартибинин максаттарын ишке ашырууда жетишилген прогресс белгиленген. 

Улуттук ыктыярдуу серепти даярдоо процессинде азырынча чечиле элек маселелер, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн жаңы тобокелдиктери аныкталып, андан аркы кадамдары боюнча сунуштар даярдалды, анда кошумча күч-аракеттер талап кылынат. Алсак, туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын андан ары локалдаштыруу жана жергиликтүү деңгээлде жоопкерчилик системасын түзүү зарылдыгы сакталууда жана алар кеңейтилет.  

Белгилей кетсек, Улуттук ыктыярдуу серепте аныкталган сунуштамаларды ишке ашыруу боюнча иштер улантылат. Бул иш мамлекеттик түзүмдөрдүн, жарандык коомдун жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн кызматташуусунун негизинде жүргүзүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн