Бугу 08, 2024
Убакыт: 11:47
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Өлөөр эчки койчунун таягы менен ойнойт болбой, Орусия менен болгон мамиледе абайлайлы

10.05.2021 14:07
1466
Өлөөр эчки койчунун таягы менен ойнойт болбой, Орусия менен болгон мамиледе абайлайлы

Бетке айткан сөздүн заары жок. Алыбай алына жараша. Өлөөр эчки койчунун таягы менен ойнойт. Андыктан, Орусияга карата акаарат келтирээрде абайласак. Анын башынан алыс секире албаарыбызды билип туруп эле "попытка" кылып, кыр көрсөткүбүз келип, башка стратегиялык өнөктөш издеп жаткандай саясат кылып жатабыз. Бул опурталдуу оюн. Биз экономикалык жактан баары бир Орусиясыз жашай албаарыбыз анык. Алар го бизсиз жашай алат. Бир эле ГСМ менен миграцияны алалычы. Жолду бууду, токтойбуз. Кытай бизге ГСМ сатабы, албетте, жок. Түркиядан газ алып атканыңарды элестеткиле! 

Ошон үчүн "даканса" кетпей, сергек карап, Орусия менен болгон алакабыздагы катачылыктарыбызды карап чыгып, оңдоону ойлонолу. "Эммануэль" болгон талашты деле акыры келип, окемдердин ортомчулугу менен чечебиз, АКШ келип арбитр болуп бербейт! 

Минтсем, "ой Орусиясыз эле кыйратабыз", "кул мүнөздүктү качан койобуз, а?", "Путинден кетмейин жыргабайбыз!" деп чыгасыңар. Бирок, бир аз тереңирээк ой жүгүртүп көрөлү. Дагы бир жолу. Ачуубуз менен чолок чечим чыгарып албайлы.


Тынчтык Алтымышев, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн