Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:51
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Өлүм алдында кат жазып калтырган. Ноокатта окуучу кыз асынып алды

30.05.2022 14:48
1155
Өлүм алдында кат жазып калтырган. Ноокатта окуучу кыз асынып алды


Ноокат районунун Гулистан айыл өкмөтүндө окуучу кыз асынып алган. Бул тууралуу Ош облустук ИИБгы билдирди.


Маалыматка ылайык, 23-май 16:40 чамасында 15 жашар В.А. асылган абалда табылган. Аны 44 жаштагы апасы М.З. ооруканага алып барган.


7-класстын окуучусу үйүндө асынып алганы аныкталып, ал өз жанын кыйганы тууралуу кат жазып, анда «ата, мен сизди сагындым, мен сизге баратам» деп жызып калтырган.


Апасы жана 35ке жакын туугандары экспертизага каршы болуп, сөөктү өлүкканадан алып кетишкен. Учурда иштин бардык жагдайлары такталууда.


Милиция кыздын атасы 2015-жылы каза болгонун билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн