Бугу 03, 2024
Убакыт: 02:59
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Өлүм чынчыл, ал эми тирүүлүк болсо дайыма калп айтат

26.02.2024 11:07
105
Өлүм чынчыл, ал эми тирүүлүк болсо дайыма калп айтат


Төрөлүш үчүн ар бир күн жакшы, өлүш үчүн деле ар бир күн жакшы.

(Папа Иоанн XXIII)


Денеңди жандүйнөңдүн мүрзөсүнө айлантпа.

(Пифагор)


Бир нерсе анык: өлүм эч качан сен күткөн кезде келбейт.

(Джордж Оруэлл)


Сен өзүңдү өзүң өрттөшүң керек: адегенде күлгө айланбай туруп кантип жаңыланмак элең?

(Фридрих Ницше)


Өлүм ага жакшылап даярданыш үчүн атайын өмүрдүн эң этегине коюлган.

(Козьма Прутков)


Эгер таажияда музыка ойнолуп жаткан болсо, “маркум шайыр киши болгон экен, өлгөндө да жыргап өлүптүр” деп ойлобо, сен жаңылып жаткан болушуң мүмкүн.

(Максим Горький)


Өлүмгө даярдан, ошондо өлүм да, жашоо да жагымдуу болот.

(Вильям Шекспир)


Адам өлүмдөн коркууну жеңмейинче эркин боло албайт. Бирок өзүн-өзү өлтүрүү жолу менен эмес. Жеңилүү менен жеңишке жетише албайсың. Өлүмдүн көзүнө тик карап, эч өкүнбөй өлө билиш керек.

(Альбер Камю)


Өлгөн кезде кандайдыр бир маанилүү боло түшөсүң, ал эми тирүү кезиңде сени менен эч кимдин иши деле болбойт.

(Эрих Мария Ремарк)


Өлүм дайыма биз менен. Анан ал келгенде корккон келесоолук болот.

(Анатоль Франс)


Мен толугу менен өлбөйм.

(Гораций)


Жашоого жанталаша жармашкан киши аны менен кошо өлүп калышы мүмкүн.

(Станислав Ежи Лец)


Бешикте бала, табытта өлүк, биздин тагдырыбыз тууралуу белгилүү болгону ушул гана.

(Омар Хайям)


Аягы жок нерсенин мааниси деле жок.

(Юрий Лотман)


Балким, биз бүт өмүрүбүздү мүрзөгө татыктуу болуш үчүн жашаарбыз.

(Василий Розанов)


Өлүм – бул жашоо үчүн берилчү жападан-жалгыз белек.

(Анатоль Франс)


Эгер сен жашагың келсе, демек, сен өлгүң деле келет. Же болбосо сен жашоо эмне экенин түшүнбөйсүң.

(Поль Валери)


Жашоону туура эмес түшүнгөн киши өлүмдү деле туура эмес түшүнөт.

(Лев Толстой)


Өлүм чынчыл, ал эми тирүүлүк болсо дайыма калп айтат.

(Николай Гумилев) 


Мен өлүмгө эски карыз катары караганды үйрөндүм, аны эртеби-кечпи баары бир төлөш керек болот.

(Альберт Эйнштейн)


Тиги дүйнөдө бактылуу болуш үчүн бул дүйнөдө сени бирөөлөр эстеши керек.

(Олег Рой)


Адамзаттын көпчүлүк бөлүгүн тирүүлөр эмес, өлгөндөр түзөт.

(О Конт)


Кудай үчүн өлүк киши болбойт.

(Анна Ахматова)


Биздин баарыбызды караңгы түн күтүп турат...

(Гораций)


Мамат Сабыров 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн